13

Август

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Правительство облегчает условия лицензирования детских садов»

Бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева борбордогу бала-бакчаларды кыдырды.

Балдар билим берүү мекемелерин кыдыруу учурунда вице-премьер-министр алардын иши менен жакындан таанышып, ойноочу, уктоочу бөлмөлөрдү, ашканаларын көрүп, тарбиячылар жана балдар менен баарлашты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен балдарды толук камсыздоо маселеси курч турат. Статистика боюнча, Кыргызстанда 772,0 миңден ашуун мектеп жашына чейинки балдар бар, алардын 132,0 миңи гана мектепке чейинки мекемелерде тарбияланат. Мамлекеттик, муниципалдык жана ведомстволук балдар бакчасынан тышкары жеке менчик мектепке чейинки мекемелер ишин ийгиликтүү алып барууда.

“Мектепке чейинки мекемелерге карата муктаждыкты жана жеке ишкерлердин алдарды ачууга карата умтулууларын эске алуу менен жаңы балдар бакчасы үчүн шарттарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан билим берүү ишмердүүлүгүнө уруксаттама берүү жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилген. Мектепке чейинки билим берүү программасын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелери үчүн уруксаттамага ээ болуу талабы алынып салынды. Ошондой эле жеке бала-бакчалар үчүн оңдуу өзгөрүүлөрдүн бири катары имараттын жеке менчикте болушу жөнүндө талап алынып салынды. Эми жеке бала-бакчаны ачуу үчүн 3 жылдан кем эмес мөөнөттөгү ижара келишиминин болушу жетиштүү», — деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.

[gallery ids="39940,39941,39942,39943,39944,39945,39946,39947"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү