05
Август
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: При разработке Программы социального развития на 2015-2017 годы необходимо учесть все замечания и пожелания гражданского общества
Бүгүн, 4-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын төрагалыгы астында Кыргыз республикасынын 2015-2017-жылдарга карата Социалдык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйыны өттү.
Комиссия жыйынын ачууда Эльвира Сариева жаңы мезгилге карата Социалдык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу 2012-2014-жылдарга карата Программаны ишке ашыруу мөөнөтү аякташына байланыштуу зарыл экендигин белгиледи.
“2015-2017-жылдарга карата Социалдык өнүктүрүү программасынын иштелип жаткан пункттарын ишке ашыруу татаал жашоо шартындагы үй-бүлө жана балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кары-картаңдар үчүн сапаттуу социалдык тейлөөнү өнүктүрүү үчүн нормативдик-укуктук базаны түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле документ социалдык тейлөө рыногун өнүктүрүү үчүн түрткү болуп, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин жогорулатат жана көрсөтүлүп жаткан социалдык тейлөөнүн даректүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Эльвира Сариева.
Учурда КР Социалдык өнүктүрүү министрлиги ведомство аралык иштиктүү топ мүчөлөрүнөн жана жарандык коом өкүлдөрүнөн түшкөн сунуштарды эске алуу менен Программа долбоорун толуктап жатат.
Ведомство аралык комиссия жыйынынын соңунда вице-премьер-министр мамлекет тараптан жардамга муктаж жарандар категориясынын социалдык жактан корголушуна терс таасирин тийгизчү кемчиликтерди жоюу максатында Программа дарегине түшүп жаткан бардык сунуштарды эске алуу зарылдыгын белгиледи.
“22-августта жыйынтыкталган документ Ведомство аралык комиссия мүчөлөрүнүн талкуусуна сунушталышы тийиш, андан соң документ Финансы министрлигине Программаны 2015-жылдын бюджетине киргизүү үчүн жөнөтүлөт», — деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.