19
Май
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Применение новых технологий в школах - это инвестиции в будущее страны»
Бүгүн, 19-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Борбордук Азия жана Закавказье өлкөлөрү боюнча «Intel» корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда билим берүүгө инвестиция тартуу менен өзгөртүү аркылуу коомдук жана экономикалык өсүштөргө жетүү маселелерин талкуулашты.
Вице-премьер-министр белгилегендей, билим берүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги өзөгү маалымат жана коммуникация технологиясы болуп саналат. “Мектептер китеп жана методикалык куралдар менен толук камсыз болгон эмес. Учурда ушул жана башка маселелерди чечүү жолдору каралууда. Бул жумада биз бир катар билим берүү технологияларынын иштетүүчү компаниялар менен жолугушуп, коңшу мамлекеттердин тажрыйбасын дыкат иликтейбиз”.
Жолугушууда Э.Сариевага Intel базасында иштелип чыккан, азыркы мезгилде Казакстан менен Орусияда колдонулуп жаткан окуучунун атайын ноутбугу көрсөтүлдү. Казакстандагы “Intel”дин өкүлү Арсен Чинетов билдиргендей, компания дүйнөдөгү бир катар билим берүү мекемелери менен кызматташтыкта жана мектеп окуучуларына ылайыкташкан чечимдерди жакшы түшүнөт.
“Бул жабдуу түшүп кеткенде да бузулбайт, жогору нымдуулукка чыдамкай, физика, биология, химия, геометрия сыяктуу илимдерди окууга ыңгайлашкан. Мугалимдер балдардын илимге болгон кызыгуусун арттыруу менен, окутуу процессин кызыктуу жана натыйжалуу кыла алышат”, - деди «Intel» адиси Александр Хоменко, компьютердик жабдууну көрсөтүп жатып.
Анын пикиринде мектепте интернет орнотуунун да кажети жок, мугалим ички байланыш аркылуу окуучуларга кошулуп, окуу материалдарын көрсөтүп, процессти көзөмөлдөй алат.
Белгилей кетсек, кадимки колдонуучулардан айырмалуу, «Intel» системасында ар кайсы мамлекеттердин мугалимдеринин, билим берүү мамлекеттик кызматкерлеринин бирдиги түзүлүп, пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен, окуу куралдары жана окуу программалары багытында мектеп окуучулары үчүн кошумча маалымат берүүгө даяр экендигин билдирди компания.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү