13
Май
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева провела совещание по вопросу реконструкции Кыргызского государственного исторического музея
Бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жана жаңы экспозицияларды даярдоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө музейди комплекстүү реконструкциялоо боюнча мындан аркы иш-аракеттердин алкагында музейди реконструкциялоо ишин 2016-жылдын 1-июлуна чейин аяктоо долбоору жактырылды.
Кеңешмеде Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуштаган музейди реконструкциялоо учурунда каржылоо боюнча эки пландын бири тандалып алынды.
Ошондой эле, КР каржы министрлигине белгиленген иштерди аткарууга республикалык бюджеттен 2014-жылдын экинчи жарымына 140 млн. сом кароо жагы тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү