08
Май
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева провела встречу с главой постоянного представительства Азиатского банка развития Рие Хираока
Бүгүн, 8-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Рие Хираоканы кабыл алды.
Жолугушуу Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын социалдык тармакта кызматташтыгын талкуулап, эки тараптуу байланыштарды чыңдоону жакшыртууга арналды.
Азия өнүктүрүү банкы бир нече жылдардан бери Кыргызстандын билим берүү тармагына негизги инвестор болуп келет. Билим берүү тармагында, АӨБнын колдоосу менен жүргүзүлгөн реформанын алкагында, жалпы билим берүүдө куррикулум иштелип чыккан, башталгыч мектептер үчүн куррикулум киргизилген, кайра даярдыктан 17 миң мугалим өткөн. 90 реабилитациялык мектептерге, мугалимдерди кайра даярдоочу 7 борборго компьютердик жана лабораториялык жабдуулар алынган.
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева жана АӨБнын туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы кызматташтыктын учурдагы абалы жана 2015-жылга мерчемделген “Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорун талкуулашты.
Жолугушууда Кыргызстандын мектептери үчүн китеп маселеси приоритеттүү экенин, ижара акысына берүүдө пайда болуусу татаалдыктар тууралуу айтты вице-премьер-министр.
“Биз Кыргызстан мектеп окуучуларын өз алдынча китеп менен камсыздоо механизминин зарылдыгын түшүнөбүз. Ижара акысын киргизүүнүн алдында кылдат даярдоо иштерин алып баруу зарыл”, - деди вице-премьер-министр.
Ошондой эле, жолугушууда АӨБнын кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүсү, калкты жумуш менен камсыздоо үчүн адистерди даярдоо тууралуу сөз болду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү