22
Август
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: Распечатка выписок из личных страховых счетов граждан улучшит сервисное обслуживание клиентов Соцфонда
Бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева КР Социалдык фондунун Бишкек шаардык башкармалыгына барды, анда жарандардын жеке камсыздоо эсебинен көчүрмө бастырып чыгаруу ишке ашырыла баштаган.
Вице-премьер-министр белгилегендей, жарандардын жеке камсыздоо эсебинен көчүрмө бастырып чыгаруу ишинин башталышы – бул өз кардарларын сервистик жактан тейлөө жаатындагы бир кадам алга жылуу катары саналат.
“Июль айынан тарта жарандар мындай мүмкүндүккө ээ боло баштаган. Белгилей кетчү нерсе, мыйзамда каралып, жыл сайын жарандарга берилчү жеке камсыздоо эсебиндеги көчүрмөдө иш орду, айлык акысы жана Соцфондго жүргүзүлгөн төлөмдөр тууралуу маалыматтар камтылат», — деп белгиледи ал.
Учурда көптөгөн иш берүүчүлөр Социалдык фонд органдарына тийиштүү төлөмдөрдү жүргүзбөйт, ошондуктан көптөгөн эмгекчилер пенсияга чыккан соң пенсиялык каражатсыз калышууда. Аталган көйгөйдү чечүү иретинде Өкмөт ар-бир эмгектенген жарандын эсебиндеги топтолгон каражат тууралуу маалымдоочу тутум киргизүүдө. Бүгүнкү күнгө карата Социалдык фонд калкка жарандын жеке камсыздоо эсеби боюнча маалымат бере баштады, жарандар жыл бою эсебиндеги маалыматты кат түрүндө алып турат. Аталган иштер жакында Социалдык фонд тарабынан алынган жаңы техниканын жардамы аркылуу ишке ашырылат.
Ошондой эле вице-премьер-министр жалпысынан 1,3 млн ашуун адамга көчүрмө берилүүсү тийиштигин белгиледи.
“Соцфондго дал ушунча сандагы жаран камсыздоо взносун которот. Учурда болгону көчүрмөсү менен 90 миң конверт даярдалган. Көчүрмөгө жараша кызматкер иш берүүчү канчалык деңгээлде камсыздоо төгүмүн төлөп жаткандыгы, же келечек пенсиясынны болжолдуу суммасы тууралуу маалымдар болот. Анткени персонификацияланган эсеп 1996-жылдан тарта башталган, көчүрмөдө ошол учурдан берки маалыматтар камтылат. Шарттуу топтолмо камсыздоо төгүмү боюнча маалыматтардан тышкары, көчүрмөдө топтолмо-камсыздоо төгүмүнүн суммасы жана 2010-2013-жылкы инвестициялык кирешелер тууралуу маалымат бар», — деп белгиледи вице-премьер-министр Эльвира Сариева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү