01

Июль

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «В повестке дня теперь стоит вопрос о сохранности всемирного наследия ЮНЕСКО»

Бүгүн, 1-июль күнү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Дүйнөлүк UNESCO маданий жана жаратылыштык мурастар тизмесине киргизилген Чүй өрөөнүндөгү (Красная речка, Ак-Бешим жана Бурана) тарыхый-маданий мурас обьектилерин сактоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынды ачууда вице-премьер-министр UNESCO Доха шаарында өткөн Дүйнөлүк мурас комитетинин кезектеги 38-сессиясынын жыйынтыгы боюнча, Красная речка (Невакет), Ак-Бешим (Суяб) жана Бурана (Баласагын) шаарчаларын аталган дүйнөлүк уюмдун тизмесине киргизүү үчүн номинациянын биринчи баскычынан өткөндүгүн билдирди. “Чүй өрөөнүндөгү тарыхый-маданий мурастын үч обьектисинин Дүйнөлүк UNESCO маданий жана жаратылыштык мурастар тизмесине киргизилиши – бул алга карай жасалган чоң кадам. Учурда биз дүйнөлүк таанылышка ээ болгон тарыхый мурас обьектилерин сактоо жана жайылтуу боюнча ишин координациялообуз зарыл. Алдыда чоң иштер күтүп турат жана биз Красная речка (Невакет), Ак-Бешим (Суяб) жана Бурана (Баласагын) шаарчалары сакталышына бардык күч-аракетибизди жумшообуз тийиш», — деп белгиледи Эльвира Сариева.

КР Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү