22

Май

2014

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева встретилась с миссией Всемирного банка

Бүгүн, 22-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрүн кабыл алды.

Вице-премьер-министр жолугушууда өнөктөштөргө социалдык мүнөздөгү, же саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо багыттарында колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эльвира Сариева маектештеринин көңүлүн мамлекеттик органдар менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын (Бүткүл дүйнөлүк банк) донордук жардам көрсөтүүдөгү кызматташтыгына бурду.

“Кеңири сектордук мамиле кылуунун натыйжалуулугун эске алуу менен (Sector Wide Approach - SWAp), “Ден соолук” программасынын алкагында саламаттык сактоо тармагын реформалоодо өнөктөштүк принциптерин жактыруу менен, донорлордун кызматын бирдейлештирүү аркылуу эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын мамлекеттик бюджет менен ширетип, сектордун муктаждыктарына пайдаланабыз”, - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Жолугушуу соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын кызматташтыгын дагы арттырууга ниет кылышты.

Маалымат:

2014-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасы, Швейцария элчилиги, Немец өнүгүү банкы жана Эл аралык өнүгүү ассоциациясынынортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

Аталган меморандум эл аралык өнөктөштөр саламаттык сактоо, социалдык коргоо багыттарына каржы жумшоочу аты аталган тараптардын ортосундагы келишим,

Долбоорлор төмөндөгүдөй каржыланат: 55%-насыя, 45%- гранттык каражаттар.

[gallery ids="36049,36050,36051,36052,36053,36054"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү