25
Февраль
Вице-премьер-министр Камила Талиева приняла участие в работе итоговой коллегии Социального фонда
Бүгүн, 25-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Социалдык фондтун 2013-жылдын жыйынтыгын чыгарган жана мекеменин 2014-жылга карата мерчемдери каралган коллегиясынын ишине катышты.
Вице-премьер-министр Социалдык фондтун ишин канаттандыраарлык деп тапты. «Республикада 2013-жылы пенсия жана башка социалдык төлөмдөр 29 млрд. 425 млн. сомду түздү. Пенсия алуучулардын саны 581,3 миң адам. 2013-жылдын 1-декабрына карата пенсиянын орточо көлөмү 4523 сомду түздү», — деди Камила Талиева.
Муну менен бирге, вице-премьер-министр Социалдык фондтун ишинде кемчиликтер да орун алганын айты өттү.
«Калктын Социалдык фондко болгон ишенүүсүнүн индекси, өзгөчө Бишкекте төмөн. Салыкты мөөнөтүндө төлөбөгөндөрдүн саны көбөйүүдө. Мындан сырткары, камсыздоо төлөмдөрүн жыйноо канаттандыраарлык деңгээлде эмес. Маселен, «Дордой» базарындагы ишкерлер социалдык төлөмдөрдү төлөшпөйт. Ошондой эле этникалык кыргыздарды жана мигранттарды пенсия менен камсыздоо маселеси чечилбей калууда. Алар пенсия алууда жана документтерди даярдоодо кыйынчылыктарга кабылышат. Ал эми калган бааргерлер тууралуу айтсак, силер алардын кайсыл жерден жана качан пенсия алуу керек экендигин чечпешиңер керек. Алар өздөрү почтадан же банкттан алууну тандашы керек», —деп белгиледи К. Талиева.
Пенсия сиситемасында коррупцияга каршы күрөштөргө токтолуп жатып, вице-премьер-министр Коомдук байкооочу кеңеш менен биргеликте түзүлгөн жагдай жана коррупцияга каршы күрөштүн механизмдерин талкуулаган кеңеш өткөрүү керектигин сунуштады.
«Соцфондтун кызматкерлеринин айлык акысы өзгөчө аймактарда төмөн, бул көрүнүш аларды ар кандай мыйзам бузууларга түртүүдө. Пенсиялык жашка жете электерге пенсия берген фактылар да бар»– деп кошумчулады Камила Талиева.
Вице-премьер-министр камсыздоо төлөмдөрүн жыйноо боюнча планды аткарбаган салык кызматтарынын жетекчилери иш орундарынан алынып жаткандыгын белгиледи.
«Соцфондто канча жылдан бери карыздар көбөйүп кеткенине карабастан, эч ким жыйынтык чыгара элек. Чиновниктердин жоопкерчилигин жогорулатуу керек », —деп жыйынтыктады Вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү