01

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев провел брифинг по реализации проекта «Безопасный город».

Бүгүн, 1-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрү үчүн “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча басма сөз жыйынын өткөрдү.

Эскертсек, 2014-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан буйрук кабыл алынган, ага ылайык, мамлекеттик-жеке шериктештик алкагында ишке ашырылчу “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердик комиссиянын курамы аныкталган.

Комиссия курамына министрлик жана ведомство өкүлдөрүнөн тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык фракцияларынан депутаттар, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери, ошондой эле коомдук жана өкмөттүк эмес уюм өкүлдөрү кирген. Аталган комиссияны Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жетектейт.

Ушул эле буйрук аркылуу жеке шерикти тандоо талаптары аныкталган тендердик документация, Келишим долбоору жана алдын-ала түзүлгөн долбоорго карата техника-экономикалык негиздеме бекитилген.

Жакынкы күндөрү аталган долбоордо Мамлекеттик шерик катары чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан тендерди өткөрүү эрежеси бекитилет жана тендердик комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, анда аталган маселе боюнча тендер жарыяланат. ИИМ алдында тендерге колдон келишинче көп сандагы жактарды катыштыруу милдети коюлган.

“Коопсуз шаар” долбоору – бул республика аймагында штаттык эмес түрдүү абалды программалык-аппараттык жыйындысы менен видео-аналитикалык чечимдерди пайдалануу аркылуу ыкчам аныктоого жана жооп кайтарууга мүмкүндүк берүүчү автоматташтырылган видеокөзөмөл, фото жана видео-фиксация, фото — жана видео-таануу тутумун киргизүү.

Ошондой эле “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу Бирдиктүү электрондук маалыматтар борборун түзүү жана ИИМде кылмыштар каттоосун түзүү каралууда, бул жарандардын арыздары боюнча ички иштер органдарынын ыкчам жооп кайтаруу деңгээлин жогорулатууга, ал эми прокуратура органдарына реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдү жакшыртууга жана тийиштүү чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, “Коопсуз шаар” долбоорунун наркы 42 млн доллардан 79 млн долларга чейинки сумманы түзөт. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү аталган долбоорду ишке ашыруучу тендер жеңүүчүсү-инвестору эсебинен ишке ашырылышы каралууда.

[gallery ids="40646,40647,40648"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү