03

Сентябрь

2014

КР Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусуна учуп кетти

Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусуна учуп кетти.

Эртең Баткен районундагы Ак-Сай айылында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чекарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу пландаштырылууда.

Кыргыз тарапты Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, ал эми Тажикстан делегациясын Тажикстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Муродали Алимардон жетектейт.

Тараптар Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык – Кишемиш (Тажикстан республикасынын Точикон айылын айланып өтөт) , Исфара – Ворух автожол (Кыргыз Республикасынын Ак-Сай айылын айланып өтөт) айрылыштары боюнча төртүнчү ирет иштелип чыккан варианты боюнча жол курууну бир мезгилде куруп баштоо салтанатына катышат.

Белгилей кетчү нерсе, ага катар Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду – Максат автожолундагы эки көпүрөнү салуу жана ага жакын жол тилкелерин куруу иштери да башталат.

Эскертсек, 27-августта Бишкекте Кыргызстан жана Тажикстан республикаларынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чекарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги биргелешкен кеңешмеси болуп өткөн, анын жыйынтыгы боюнча Протоколго кол коюлган.

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү