03
Июнь
Вице-премьер-министр Олег Панкратов: «Натыйжалуу аймак аралык кызматташтык – евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди жөнгө салуудагы маанилүү көрсөткүч»
«Натыйжалуу аймак аралык кызматташтык – евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди жөнгө салуудагы маанилүү көрсөткүч», - деп билдирди бүгүн, 2-июнда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Уфа шаарында V кыргыз-россиялык аймак аралык “Евразия интеграциялык процессинин алкагында аймак аралык байланышты өнүктүрүү” жыйынында.
«Бүгүн Россия жана Кыргызстандын аймактарын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүндүктөрү, айыл чарба, туризм жана гуманитардык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүү багыттары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Мында белгилей кетчү нерсе, аталган темалар эки тараптын жетекчилиги жана мамлекеттик эмес секторлор үчүн маанилүүлүгүн көрсөтөт. Аны менен катар өз ара пайдалуу кызматташтык көрсөтүлгөн багыттар менен чектелбейт, анткени миграциялык, телекоммуникациялык, логистикалык тармактарда бир катар актуалдуу маселелер бар», - деди ал жана орун алган талкуунун конструктивдүү жана жемиштүү мүнөзүн белгиледи.
О.Панкратов билдиргендей, V конференциянын өткөрүлүшү Кыргызстан жана Россиянын аймактарынын кызматташтыгы биздин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн негизи катары соода-эконмикалык, илимий-техникалык жана гуманитрадык байланыштардын чыңдалышына шарт түзөт.
«Ишкер жана илимий чөйрөлөрдүн, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын өнөктөштүгүн чыңдоонун мааниси Евразиялык эклномикалык биримдиктин шарттарында өз ара аракеттешүү зарылдыгын эске алуу менен күч алууда», - деди ал.
Сөзүнүн соңунда вице-премьер-министр Олег Панкратов Башкортостан Республикасынын Президентине жана россиялык тараптын жалпы уюштуруучуларына бийик деңгээлде уюштурулган форум үчүн ыраазычылык айтып, эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жооп берген кыргыз-орус мамилелери мындан ары карай дагы чыңдалышына ишеним билдирди.
Кыргыз-россиялык аймак аралык жыйын соңунда Башкортостан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана Россия-Кыргыз ишкерлер кеңеши аралык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюусу орун алды.
Белгилесек, V кыргыз-россиялык аймак аралык “Евразия интеграциялык процессинин алкагында аймак аралык байланышты өнүктүрүү” жыйыны бүгүн, 2-июнда, Уфа шаарында өттү. (Россия Федерациясы, Башкортостан Республикасы).
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү