14
Январь
Вице-премьер-министр Т.Сарпашев встретился с фермерами Джалал-Абадской области
Бүгүн, 13-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактын фермерлери менен жолугушту.
“Ала-Тоо” асыл тукум уйларын жана гисар койлорун көбөйтүп, жакшыртуунун үстүндө иштеп жаткан фермерлер менен жолугушуу учурунда Тайырбек Сарпашев өлкөнүн айыл чарбасын, анын ичинде мал чарбачылыгын колдоо максатында Өкмөттүн жасап жаткан иштери жана алдыдагы мерчемдери туурасында кеңири айтып берди.
Вице-премьер-министр “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында берилип жаткан насыялардын эң төмөнкү көрсөткүчүн 400 миң сомго жеткирүү боюнча чечим кабыл алынганын айтты. Ошондой эле, жер семирткичтерди алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ал эми, жеңилдетилген насыяларды алуу иши жөнөкөйлөтүлөт, ошондой эле, республиканын дыйкандарына лизингге техника берүү улантылууда.
Андан соң, Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында болуп, медициналык адистердин эмгек шарты, мекемелердин материалдык-техникалык базасы, дарылоо шарттары жана от жагуу мезгилинин өтүшү менен таанышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү