15

Июль

2014

Вице-премьер-министр В.Диль: Правительство Кыргызстана выступает за активизацию кыргызско-туркменских отношений

Бүгүн, 15-июлда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту.

Вице-премьер-министр Р.Мередовду 2015-2016-жылдары өтчү «Борбор Азия +Япония» Диалогунда Түркмөнстандын төрагалык кылуу чечиминин кабыл алынышы менен куттуктады.

«Кыргызстан боордош Түркмөнстандын экономикалык, социалдык жана башка тармагындагы жетишкендиктерине зор кызыгуу менен көз салып турат»,- деди Валерий Диль.

Андан соң, В.Диль белгилегендей, Кыргызстан Түркмөнстан менен өз-ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар, ал эми Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилик миссиясын ачуу тууралуу чечими кыргыз-түркмөн мамлекет аралык мамилелер тарыхындагы маанилүү окуя болуп саналат. Аталган чечим бардык келечектүү багыттар боюнча өз-ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө көмөк көрсөтөт.

Өз кезегинде Р.Мередов вице-премьер-министрге Түркмөнстандын жетишкендиктерине жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди жана эки өлкө аралык кызматташуунун кеңейишине кызыкдар экендигин белгиледи.

Ошондой эле Валерий Диль биздин мамлекеттер темир жол жана унаа жолдору менен байланышкандыгына ылайык, эки өлкө ишканаларында чыгарылган продукция эки тараптын рыногунда суроо-талапка ээ. Кыргызстан жана Түркмөнстан мамилелерди активдештирүүнүн ведомство аралык механизмин, тактап айтканда, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөт аралык комиссияны түзүүгө киришсе болот.

«Түркмөнстан текстилдик өнөр-жай, капиталдык курулуш, айыл чарба, өзгөчө, дан өсүмдүктөрүн жана пахта өстүрүүнү өнүктүрүү боюнча жогорку натыйжага ээ болгон жана бул жаатта тажрыйба алмашуу өз-ара кызыкчылыкты туудурат» — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Жолугушуу соңунда тараптар Кыргызстан жана Түркмөнстан аралык кызматташууну ургаалдаштырууга багытталган тыгыз бирге иштешүүнүн зарылдыгын белгиледи.