14

Июль

2014

Вице-премьер-министр В.Диль провел совещание по освоению территории реки Сары-Джаз

Бүгүн, 14-июлда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Сары-Жаз дайрасынын аймагын өздөштүрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында Улуттук стратегиялык иликтөө институту тарабынан Сары-Жаз дайрасынын бассейнин жана ага караштуу аймакты комплекстүү өздөштүрүүнүн долбоору тартууланды.

Долбоор аймактын бардык мүмкүндүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга жана ири инвестицияларды тартуу аркылуу Сары-Жаз дайрасынын бассейнинин аймагын комплекстүү өздөштүрүү максатында ири улуттук корпорацияны түзүүгө багытталган.

Аймакты өнүктүрүү концепциясы Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын канааттандыра ала турган натыйжалуу ишкана түзүүнү максат коёт. Энергетикалык жана өндүрүштүк аймакты түзүү Ысык-Көл облусунун жана Каракол шаарынын көпчүлүк жашоочуларына жумушчу орун түзүүгө шарт түзөт.

“Долбоордун негизги идеясы – энергетиканы өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзүү, пайдалуу кен-байлыктарды өздөштүрүү жана аймактагы экологиялык нормаларды сактоо”, - деп белгиледи вице-премьер-министр В.Диль.