21
Июнь
Вице-премьер-министр Валерий Диль: Кыргызстан заинтересован в сотрудничестве между странами-участницами СНГ по самым разным направлениям
Бүгүн, 20-июнда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Москва шаарында өткөн Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 62-жыйынына катышты.
КМШ Экономикалык кеңешинин күн тартибинде 15 маселе белгиленген, алар КМШ аралык интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө жана анын динамикалуулугун арттырууга багытталган.
Кеңеш жыйынында Валерий Диль ар-кыл деңгээлде жүрүүчү КМШ аралык интеграциялык процесстердин маанилүүлүгүн белгиледи. «Ааламдашуу мезгилинде интеграциялык биригүүнүн мааниси зор. Ошондуктан Кыргызстан бүгүнкү күндө КМШга мүчө-мамлекеттер менен ар-кыл багытта кызматташууга кызыкдар”, - деди ал.
КР Өкмөт Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү