07
Август
Вице-премьер-министр Валерий Диль: Необходимо навести порядок в работе государственных предприятий
Бүгүн, 7-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы мамлекеттик үлүшү бар акционердик коом жетекчилери менен жолугушту.
Валерий Диль белгилегендей, жолугушууда мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун ишиндеги көйгөйлүү маселелерди белгилеп, аларды чечүү жолдорун аныктоо керек, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнөн түшчү акциялар боюнча дивиденд, кирешеден төлөм жана салык төлөмдөрү түрүндөгү бюджетке түшүүлөрдү жогорулатуу ыкмаларын аныктоо керек.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрага орун басары анын иши тууралуу маалыматты Бакыт Шаршеналиев сунуштады. «Учурда мамлекет Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду аркылуу 58 акционердик коомдун капиталына катышууда, анын ичинде 22си – стратегиялык саналат, ал эми 7 АК улутташтырылган. Буга катар Фонд 220 ашуун мамлекеттик ишканалар менен тыгыз иш алып барат», — деп белгиледи баяндамачы.
Вице-премьер-министр Фонд, мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы мамлекеттик үлүшү бар акционердик коом жетекчилеринин көңүлүн башкаруу деңгээлин жогорулатуу жана тармактык эмес чыгымдарды кыскартуу зарылдыгына бурду.
“Болжолдонгондой, мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик үлүшү бар АК өлкө бюджетине 860 млн сом төлөйт. Бул жакшы көрсөткүч, бирок биз муну менен токтоп калбашыбыз керек. Компаниялар ишенимдүү өнүгүүсү жана өлкө бюджетине төлөмдөрдүн өсүүсү үчүн андагы менеджменттин сапатын жана деңгээлин жогорулатуу керек», — деп белгиледи ал.
Ошондой эле Валерий Диль Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна КР Юстиция министрлиги менен бирдикте бардык мамлекеттик ишканаларды инвентаризациялоону тапшырды.
“Мамлекеттик ишканалардын кагаз жүзүндө гана жүргүзүлгөн ишмердүүлүгүн тартипке келтирүү зарыл. Ишканалар өлкө экономикасы үчүн натыйжалуу иш алып баруусу тийиш», – деп жыйынтыктады вице-премьер-министр Валерий Диль.