24
Июль
Вице-премьер-министр Валерий Диль: “От решения вопроса выведения гражданской авиации из «черного» списка зависит имидж страны на международной арене”
Бүгүн, 24-июлда, вице-премьер-министр Валерий Диль Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын Европа кеңешинин “кара тизмесинен” чыгаруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынды ачууда Валерий Диль маселенин жарандык авиация үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жарандык авиацияны “кара тизмеден” чыгаруу маселесин чечүүдөн эл аралык деңгээлдеги өлкөнүн аброю көзкаранды. Биз аталган маселенин оңдуу чечилиши үчүн колдон келген аракетибизди жумшообуз зарыл», — деп билдирди вице-премьер-министр.
Андан соң Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Эркин Исаков бетачары менен чыгып, Кыргыз Республикасы 2006-жылы 2 негизги себеп боюнча – жарандык авиация жаатындагы мыйзамдык базанын жетишсиз иштелип чыккандыгы жана мамлекет тараптан жетишсиз каржылангандыгы боюнча “кара тизмеге” киргизилгендигин маалымдады.
Ошондой эле ал билдиргендей, жогоруда аталган агенттик тараптан аталган себептерди жоюу жана нормативдик-укуктук базаны толуктап иштеп чыгуу боюнча аракеттер жүрүүдө, тактап айтканда, авиация эрежелерине жана КР Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Ал эми мамлекет тараптан каражаттын жетишсиздиги боюнча мамагенттик директору билдиргендей, учурда Жарандык авиация агенттиги тараптан нормативдик-укуктук акты даярдалгандыгын, ага ылайык, агенттикти каржылоо чарба жүргүзүүчү субьектилердин эсебинен жогорулатылышы каралгандыгын белгиледи.
Жыйын соңунда вице-премьер-министр Валерий Диль каржылоону жогорулатуу маселеси боюнча документтерди даярдоону жыйынтыктап жана ыкчам тартипте Өкмөт кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.
[gallery ids="38990,38992,38991,38989,38988"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү