12

Август

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль посетил ТЭЦ-2

Бүгүн, 11-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Бишкек шаарындагы №2-жылуулук борборуна барды.

Вице-премьер-министрдин ЖЭБ-2 баруусунда аны “Электр станциялары” ААК башкы директору Абдылда Исраилов, директорлор кеңешинин мүчөсү Лев Васильев, Бишкек ЖЭБ директору Андрей Воропаевдер коштоп жүрдү. Валерий Диль алар менен бирдикте буу казандарын, мазуттук чарбаны, химиялык-суу тазалоочу жайды, технологиялык түтүктөрдү жана өрт өчүргүч тутумун көзөмөлдөп чыкты.

Учурда ЖЭБ-2 62,2 гектар аянтка ээ, калган 47,7 га аймагы жакын жерде жайгашкан турак-жай ээлери тарабынан ээленип алынган. Ишкананы кыдырып чыккан соң, вице-премьер-министр тарабынан колдогу жабдууну тийиштүү деңгээлде сактоо жана ишкананы электр жана жылуулук өндүрүү ирээтинде ишке тартуу зарылдыгы белгиленди.

“ЖЭБ-2 де орнотулган жабдууну пайдалануунун техника-экономикалык негиздемесин аткаруу, аймакта республика керектөөсү үчүн зарыл болгон кошумча ишканаларды жайгаштыруу мүмкүндүгүн эсептеп чыгуу керек. Ошондой эле бизге ишкананы жандандыруу үчүн адистер керектелет, учурда алардын саны чектелүү», — деп белгиледи вице-премьер-министр В.Диль.