31
Июль
Вице-премьер-министр Валерий Диль принял граждан, пришедших на прием в «Общественную приемную»
Бүгүн, 30-июлда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль КР Өкмөтүнүн “Коомдук кабылдоосу” аркылуу кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алды.
Вице-премьер-министр жарандарды кабыл алууда алардын өтүнүчүн, арыздарын жана сунуштарын укту.
Тактап айтканда, кабыл алууга физика-математикалык илимдердин доктору, профессор Казимир Каримов келип, Токтогул суу сактагычын толтуруу боюнча илимий сунуштарын киргизип, аталган тема боюнча 1940-жылдан тарта иликтеп келе жаткан материалдарын тартуулады.
Ошондой эле Валерий Диль Жарандык авиация агенттигинин директорунун учуулар коопсуздугу маселеси боюнча кеңешчиси Шамил Сафиулин менен жолугушту. Маектешүү учурунда жарандык авиациянын мамлекеттик кызыкчылыгын коргоо темасы козголду, жарандык авиация өкүлү аталган тармактагы ички жана тышкы коррупцияны жоюуга каршы багытталган өз сунуштарын киргизди.
Бардык кайрылган жактарга ал так жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берди. Вице-премьер-министр тийиштүү орган жетекчилерине жарандардын кайрылуулары боюнча тапшырмаларды берип, кайрылган тараптарга алардын өтүнүчтөрү көзөмөлдө болоорун билдирди. Кайрылган жарандар жоопту мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ала алат.
Белгилесек, КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин “Жарандардын кайрылуусун кароо тартиби тууралуу” буйругуна жана бекитилген графикке ылайык, ар иш күнү “Коомдук кабылдама” иштейт. Кабыл алууну Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Кыргыз Республикасынын министри – Өкмөттүк аппарат жетекчиси, анын орун басарлары жана КР Өкмөтүнүн бөлүм башчылары жүргүзүшөт.