20
Июнь
Вице-премьер-министр Валерий Диль в городе Москве ознакомился с деятельностью торгово-выставочного комплекса «Кыргызстан»
Бүгүн, 19-июнда, вице-премьер-министр Валерий Диль Москвадагы Эл-чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсү аймагында жайгашкан “Кыргызстан” соода-көргөзмө комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Соода-көргөзмө комплексин кыдырууда Валерий Диль анын аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлер менен жолугушту.
«Made in Kyrgyzstan» маркасы алдында чыгарылган товарларды жайылтуу жана Россия жана Кыргызстан аралык соода-экономикалык кызматташуудагы оңдуу көрсөткүчтөрдү камсыздоодо аталган борбордун мааниси чоң. Биз борборду сактап калууга жана анын ишин күчтөндүрүүгө аракет жасап, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө, Москва жана башка облустарда эмгектенип жаткан мекендештерибизге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө басым жасообуз зарыл», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Белгилей кетсек, учурда «Кыргызстан» соода-көргөзмө комплексинде ишкерлердин күчү аркылуу оңдоо-түзөө иштери аткарылып, КР бир катар ассоциациялар жана ишканаларынын өкүлдөрү иш алып барууда.
КР Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү