04

Май

2014

Вице-президент JICA Кьеши Кодера: «В мае будет подписано грантовое соглашение на предоставление оборудования для обслуживания дорог на сумму 25 млн. долларов США»

Бүгүн, 3-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев эл аралык кызматташтык боюнча Жапон агенттигинин (JICA) Вице-президенти Кьеши Кодера менен жолугушту.

Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы JICA ишмердүүлүгүнө жана кыргыз-жапон эки тараптуу мамилелеринин өнүгүүсүндөгү ролуна жогору баасын берди. Ал Көк-Арт дарыясы аркылуу Көк-Арт көпүрөсүн кайра оңдоого 1,248 млн. жапон йенинин бөлүнүшүнө ыраазычылыгын айтты.

Кьеши Кодера, өз кезегинде Жоомарт Оторбаевди КР Премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал Өкмөт башчыга JICA тышкы иштер министрлеринин “Борбордук Азия+Жапония” диалогунун алкагында 5-Кеңешмесин даярдоого катышып жатканын билдирди. Бул иш- чара Кыргыз Республикасынын төрагалыгы менен Бишкекте өтөт.

Кьеши Кодера май айында жолдорду тейлөө үчүн 25 млн. доллар каражатка жабдууларды алуу боюнча гранттык келишимге кол коюларын да кошумчалады.

Тараптар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген “Бишкек-Ош” жолунун 6 участогунда көчкүгө каршы галереянын курулушунун долбоорун ишке ашырууну даярдоону жана тоннелдин вентиляциялык системасын жакшыртууну талкуулашты. Башка долбоорлор менен катар “Ош-Бишкек-Исфана” жолунун бир нече участкаларын кайра калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруу да каралды.

Маалымат:

JICA ишмердүүлүгүнүн мезгилинде 100,0 млн. доллар каражатка гранттык жардам берген

Учурда JICA 6 негизги багытта иш алып барат:

1) транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү,

2) айыл чарбасын өнүктүрүү жана элет жеринде коомдошууну өнүктүрүү,

3) адам ресурстарын өнүктүрүү менен рынок экономикасына өтүү,

4) ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго кошуу,

5) медициналык тейлөөнү жакшыртуу,

6) Борбордук-Азия мамлекеттери ортосунда аймактык кызматташууга жардам.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү