25

Январь

2014

Всемирные игры кочевников – это ещё одна возможность сохранить истинные духовные ценности кочевых народов

Бул туурасында, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ками ла Талиева Ысык-Көл облусунун Булан-Соготту айылында өткөн “Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк Оюндарынын” форумунда айтты.

Форумдун катышуучуларына кайрылып жатып Камила Талиева Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарын өткөрүү көчмөн калктын цивилизациясынын рухий мурасын, маданиятын, салттарын даңазалоодо маанилүү экендигин айтты.

“Биз бул форумга абдан узак даярдандык. Бул жолку жолугушуубуз чечилбей жаткан айрым маселелерибизди тез арада чечүү менен Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарын өткөрүүгө толук даярдыгыбызды шарттайт деп ишенем. Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарын өткөрүү оюу позитивдүү. Кыргызстан аталган Оюндарды татыктуу уюштуруп, өткөрөөрүнө ишенем”, - деди Вице-премьер-министр.

Форумдун жүрүшүндө белгилүү болгондой, оюнду өткөрүүгө 3 млн. доллар сарпталат. Ошондой эле оюндардын жүрүшү 40 мамлекетте түз алып көрсөтүлөт.

Маалымат:

2014-жылдын 8-14-сентябрында өтө турган Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары аталган оюундарды үгүттөө жана эл аралык, спорт байланыштарын чыңдоо максатында өткөрүлөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча турнирге Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменстан, Азербайжан, Монголия, Орусия Федерациясынан катышышат. Кыргызстан мелдештин уюштуруучусу катары ар бир спорттун түрү боюнча экиден команда коет.

Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк Оюндарынын программасына Көк-Бөрү, Тогуз коргоол, Кыргыз күрөш, Алыш, Оодарыш, Ат чабыш, Жорго салыш,  Кунан чабыш, Ордо, Кыз-куумай оюндары киргизилди. Ошондой эле, улуттук оюндар Тыйын эңмей, Кулатуу, Салбуурун да кире турган болду.

Форумдун жүрүшүндө Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарынын түзүмү сунушталып, мелдештин программасына кирген оюндар көрсөтүлдү жана  судьялык эрежелер такталды.

Форумдун жыйынтыгы менен Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк Оюндарынын Резолюциясына кол коюлду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү