24

Июль

2014

Выданная сумма льготных кредитов фермерам и переработчикам сельхозпродукции превысила 4 млрд. 400 млн. сомов

“Айыл чарбаны каржылоо – 2” долбоорун ишке ашыруу алкагында 24-июлга карата фермердик чарбаларга жана кооперативдерге, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөргө жана үрөнчүлүк кооперативдерине 13 740 жеңилдетилген кредит берилип, анын жалпы суммасы 4 млрд 417 млн 724 миң сомду түздү.

Бүгүнкү күнгө карата аймактарды насыялоо абалы төмөндөгүчө:

Чүй облусунда жалпы суммасы 1 млрд 125 млн 597 миң сом суммасындагы 2 284 кредит берилсе,

Ысык-Көл облусу боюнча 497 млн 492 миң сомдук 1 758 кредит берилген.

Талас облусунда 453 млн 989 миң сом суммасындагы 1 545 кредит;

Нарын облусунда 397 млн 607 миң сомдук 1 494 кредит;

Жалал-Абад облусу боюнча 848 млн 410 миң сомдук 2 917 кредит;

Ош облусунда 771 млн 932 миң сом суммасында 2 550 кредит алынса,

Баткен облусунда жалпы суммасы 322 млн 697 миң сом эсептелген 1 192 кредит берилген.