08

Сентябрь

2014

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөргө берилген жеңилдетилген кредиттердин суммасы 4 млрд 600 млн сомдон ашты

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрына карата “Айыл чарбаны каржылоо-2” долбоорун ишке ашыруу алкагында дыйкан чарбаларына жана кооперативдерге, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөргө жана үрөн чарбаларына 14 миңден ашуун кредит берилип, анын жалпы суммасы 4 млрд 625 млн 536 миң сомду түзгөн.

Бүгүнкү күнгө карата аймактарды насыялоо боюнча абал төмөндөгүчө:

Чүй облусу боюнча 1 млрд 261 млн 786 миң сом суммасындагы 2 348 кредит берилген.

Ысык-Көл облусу боюнча 506 млн 897 миң сомдук 1 778 кредит берилген.

Талас облусу боюнча жалпы суммасы 460 млн 915 миң сомдук 1 578 кредит берилген.

Нарын облусу боюнча 414 млн 453 миң сомдук 1 524 кредит берилген.

Жалал-Абад облусу боюнча 868 млн 750 миң сомдук 2 983 кредит берилген.

Ош облусу боюнча 784 млн 554 миң сомдук 2 584 кредит берилген.

Баткен облусу боюнча 328 млн 181 миң сомдук 1 211 кредит берилген.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү