20
Февраль
За 10 рабочих дней крестьянам страны выдано льготных кредитов на сумму более 544 миллиона сомов
2014-жылдын 20-февралына карата “Айыл чарбасын каржылоо – 2” долбоору ишке ашыруу боюнча республиканын дыйкан жана фермердик чарбаларга , өндүрүштү кайра иштеткен ишканаларга 544 миллион 550 миң сом суммасындагы жеңилдетилген насыя берилди.
Бул көрсөткүч насыя берүү программасын ишке ашыруу старт алгандан тарта 10 күндүн эле ичинде жетишилгендигин эске салабыз.
Долбоордун максаты республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2014-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, айыл чарба иши жана айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү менен алектенген субъекттерди жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыя каражаттары менен камсыз кылуу аркылуу мал чарбачылыгын, айыл чарбасындагы кайра иштетүү секторун, үрөн жана асыл тукум чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин андан ары өнүктүрүү болуп эсептелет.
Учурда долбоорго 6 коммерциялык жана 1 финансы банкы катышты: «Айыл Банк» ААК, «РСК банк», АКБ «Кыргызстан», «Бакай банк» , KICB жана «Насыялык бирикменин финансы компаниясы » ААК.
Бүгүнкү күндө насыя 3 банк тарабынан берилүүдө- «Айыл-банк» ААК, «РСК банк» жана KICB. Жакынкы арада долбоордун калган катышуучулары да насыя берүүнү башташат.
Долбоор 24 ай мөөнөтүнө иштелген, ал эми насыянын жалпы суммасы болжолу менен 5 млрд. сомду түзөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү