23
Декабрь
За 11 месяцев 2013 года добыто 1226,4 тысяч тонн угля
Январь-ноябрь айларынын аралыгында көмүр казып алуу тармагында алынган продукциянын көлөмү 1533,8 млн. сом (119,7%) болуп, 1226,4 миң тонна көмүр же 2012-жылга салыштырмалуу 124,2% түздү.
Түндүк аймак боюнча бул көрсөткүч 325,4 миң тонна же 2012-жылга салыштырмалуу 124,3%, түштүк аймак боюнча 901 миң тонна же 124,5%.
2012-жылдагы казылып алынган көмүрдүн көлөмүнө салыштырмалуу облустар боюнча көмүр казып алуу төмөндөгүдөй мүнөздө:
- Нарын – 324,5 миң тонна, 75,9 миң тоннага көп (130,6%);
- Баткен - 182,1 миң тонна, 13,3 миң тоннага көп (107,9%);
- Ош - 572 миң тонна, 120,5 миң тоннага көп (126,7%);
- Жалал-Абад - 147 миң тонна, 43,7 миң тоннага көп (142,3%).
Республика боюнча көмүр казып алуу 2012-жылга салыштырмалуу 239,2 миң тоннага жогору же 124,2%.
12 айдын ичинде бул көрсөткүч 1364,6 миң тоннаны түзүп (121,8%) наркы 1688,2 млн. сом (115,6%) болоору күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2013-жылдагы көрсөткүч 1100 миң тонна же 1546,110 млн. сомго барабар болуп, 264,6 миң тоннага ашык болоору күтүлүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү