23
Декабрь
За 11 месяцев т.г. предприятиями обрабатывающей промышленности произведено продукции на 114,9 млрд. сомов
2013-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы менен кайра иштетүү өнөр жайы тарабынан 114,9 млрд. сомго продукция өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 143,7% түзөт.
Ошол эле учурда кайра иштетүү өнөр жайынын салыштырмалуу салмагы баардык өнөр жайынын көлөмүнүн 82,2% түзөт.
Өндүрүш продукциясынын көлөмү беш тармак аркылуу ишке ашууда (90% чейин). Алар: металлургия жана металлдан жасалган буюмдар, салыштырмалуу көлөмү – 47,9%; тамак-аш азыктары, анын ичинде суусундуктар жана тамеки бар – 12,7%; текстиль жана тигүү өндүрүшү – 5,1%, курулуш материалдары – 9,4%.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында 18 ишкана ишин жандандырды. Атап айтсак, ЖЧК “Ак-Алтын”, “Ата-үйлөрү” ишканасы, ЖЧК “Alensia-moda”, ААК “Көк-Арт” (Жалал-Абад), ААК “Картон”, ЖЧК “Кемин мунайды кайра иштетүүчү заводу”, ЖЧК “Мега Юнион Индастри”.
Январь-ноябрь айларынын аралыгында тамак-ашты кайра иштетүүчү өнөр жайы аркылуу 17714,7 млн. сом же 98,4% тамак-аш продуктысы өндүрүлгөн, анын ичинде суусундуктар жана тамеки да бар.
Ошондой эле текстиль жана тигүү өндүрүшү 7125,1 млн. сом көлөмүндөгү (5,1%) продукцияны өндүрүүгө жетишишти. Аталган өндүрүштүн салыштырмалуу көлөмү 84,8%.
2013-жылдын сентябрь, октябрь айларында жаңы түшүмдүн жыйынтыгы менен пахтаны кайра иштетүүчү 14 ишкана өз ишмердүүлүгүн жандандырган.
Ал эми, 2013-жылдын январь-ноябрь айларында булгаарыдан жасалган бут кийимдердин өндүрүмү 193,6 млн. сом же 138,1%.
11 айдын жыйынтыгы менен 3150,2 миң түгөй бут кийим чыгарылып, былтыркы жылга салыштырмалуу 123,2% көрсөткүчтө. 2013-жылдын сентябрь айында ААК “ОККО”, июнда ЖЧК “Булгаары” жана ЖЧК “Кайыңды бут кийим фабрикасы” ишке берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү