28
Январь
Ж.Сатыбалдиев: Акимы и главы сельских округов никак не могут избавиться от иждивенческого настроения
Бул туурасында, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2013-жылдын жыйынтыгы жана 2014-жылга карата мерчемдерин талкуулагын коллегияда айтты.
“Сиздердин маалыматыңыздардан мен эч нерсени көрө алганым жок. Республикалык бюджеттен Чарбак, Таян, Бөжөй калктуу пункттарынын инфраструктурасы үчүн бөлүнгөн 180 млн. сомду жергиликтүү бийлик өз үлүшүнө алган да, татынакай маалымдама жазып койгон. Инфраструктура маселесинин чечилиши сиздердин сиңирген эмгек эмес. Бүгүн айыл аймактарынын башчылары менен акимдер жатып ичерликтен кутула албай жатышат”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жениш Разаков менен Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаровдун маалыматынан кийин.
Жантөрө Сатыбалдиев белгилегендей, Өкмөт башчысы болгондон тарта, облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен ыйгарым укуктарын бөлүшкөнүн айтты.
“Бир да ыйгарым укуктуу өкүл ушул укугунан пайдалана алган жок. Жергиликтүү бийлик демилгечи эмес, натыйжалуу иштериңиздерди көрбөй жатам. Ал гана турсун, жеринде ыкчам чечүүгө мүмкүн болгон жергиликтүү маселелерди да Бишкекке түртө саласыңар”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Ошондой эле, Премьер-министр коллегияда Бүргөндү тутумун өздөштүрүү боюнча ишти ойрондоткон аймак бийлигин сынга алды.
“Облустун губернатору да, Кадамжай районунун акими да тутумду канткенде мыкты өздөштүрүү боюнча бир да жолу сунуш киргизишкен жок”, - деди Премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү