28
Январь
Ж.Сатыбалдиев: До тех пор, пока главы сельских округов не будут хорошо работать, Правительство всегда будет плохим
Бул туурасында, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясында айтты.
Премьер-министр белгилегендей, айыл аймак башчыларынын бир тобу өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүк бар экенин билишпейт.
“Жергиликтүү бюджеттин салымын жогорулатуу үчүн, жумуш орундарын түзүү боюнча бир топ мүмкүнчүлүк бар. Учурда жергиликтүү бийликтин өз аймагын өнүктүрүүгө укугу да , мүмкүнчүлүгү да бар. Сиздер тегеректе болуп жаткан нерсенин баарына кайдыгер болуп калгансыздар”, - деди Ж.Сатыбалдиев Баткен облусунун активдерине кайрылып.
Жантөрө Сатыбалдиев Лейлек районунун акимин сынга алды.
“Мына 5 жылдан бери “Лейлек” ЭЭАны токтоп турган ордунан жылдыруу үчүн эч нерсе жасалган жок”, - деди Премьер-министр.
Жантөрө Сатыбалдиев коомдук коопсуздук, улуттар аралык мамиле жана жазгы айдап себүү иштери үчүн райондун акимдери жоопкерчиликте экендигин эскертти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү