28

Январь

2014

Ж.Сатыбалдиев находится с однодневной рабочей поездкой в Баткенской области

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бир күндүк иш сапары менен Баткен облусуна учуп кетти.

Өкмөт башчы иш  сапарынын алкагында Ак-Сай айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайдын абалы, “Көк-Таш-Ак-Сай” унаа жолунун курулушун көрүп, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын тургундары менен жолугушат.

Ошондой эле, Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2013-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылга карата мерчемдерин талкуулагын коллегияга катышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү