26
Март
Ж.Сатыбалдиев Өкмөт мүчөлөрүнө жемиштүү жумушу үчүн ыраазычылыгын айтты
Төмөндө Ж.Сатыбалдиевдин сүйлөгөн сөзү толугу менен берилди.
Урматтуу Өкмөт мүчөлөрү! Кымбаттуу кесиптештер! Өзүңүздөр жакшы билгендей, биздин Өкмөт 1 жыл 6 айдан ашыгыраак иштеди. Чынында бул айта койгонго оңой болгону менен ар кандай жакшы саамалыктарга, ийгиликтерге жана жетишкендиктерге бай, маанилүү окуяларга жыш толгон мезгил болду. Албетте, иш бар жерде кемчиликтер да болбой койбойт. Биздин ишибизде жагымсыз учурлар да болгонун, кээ бир маанилүү милдеттер, алдыга койгон максаттар ишке ашпай калганын да мойнубузга алышыбыз керек. Мунун объективдүү да, субъективдүү да себептери бар. Мисалы, 2012-жылдын 5-сентябрында биздин Өкмөт ишке киришип жатканда өлкө экономикасынын өсүш темпи 6 пайызга төмөндөп кеткен учур болчу. Анын үстүнө мурдагы Өкмөт “Кумтөрдөн” 2013-жылы түшө турган 30 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү салыкты 2012-жылы эле алдын-ала алып койгонун эске алганда, республика бюджетинин абалы абдан оор эле. Кышка даярдык жокко эсе болчу. Ушундай кырдаалда жаңы дайындалган Өкмөт бардык күч-аракетин экономиканын төмөндөөсүн токтотууга жана калктын, бардык социалдык обьекттердин кышка даярдыгын күчөтүүгө жумшады. 2012-жылдын акыркы 4 айынын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн алдына коюлган биринчи кезектеги бардык милдеттер негизинен аткарылды. Элибизди отун-суу, азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздап, аман-эсен кыштан алып чыгып кеттик. Ошол жылкы биринин артынан бири болгон табигаттын сыноолорунан ийгиликтүү өтүп, иштер колго алынды. Малдын башын чыгашага учуратпай, тескерисинче, төрт-түлүктүн санын өстүрдүк. Кычыраган кышта колдо бар айыл чарба техникаларын ремонттон өткөрүп, жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүүнү жогорку деңгээлде уюштура алдык. Ошону менен бирге 2013-жылы Президент менен биргеликте 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын иштеп чыгып, алдыбызга чоң максаттарды койдук. Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттарын так аныктап, белгиленген пландарды ишке ашырууда ар бир Өкмөт мүчөсүнүн жоопкерчилиги жогорулады. Ошондуктан, ар кандай кызыкчылыктарды көздөшкөн саясый топтордун тынымсыз тоскоолдуктарына жана туш тараптан басым көрсөткөндөрүнө карабастан, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча дээрлик көпчүлүк пландарыбызды аткара алдык. Өлкөнүн ички дүң продукциясы 10,5 пайызга өстү, “Кумтөрдү” кошпогондо бул көрсөткүч 6,1 пайызды түздү. Өткөн жылы бюджеттин салыштырмалуу кирешелер боюнча көрсөткүчтөрү акчалай түрдө 11 млрд. 913,5 млн сомго өстү. Өсүүнүн номиналдык темпи 14,8 пайызды түздү. Мына ушундай өсүштүн натыйжасында Өкмөт Кыргызстан калкынын алдындагы өзүнүн социалдык милдеттенмелерин негизинен толук аткарды. Айлык акылар, пенсиялар жана башка жөлөк пулдар өз убагында толук көлөмдө төлөнүп жатты. Республика боюнча бардык социалдык кызматкерлердин айлыктары 100 пайызга көтөрүлдү. Чек арачылардын, жергиликтүү бийлик түзүмдөрүндө иштегендердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, соттордун, прокурорлордун, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары, пенсия көтөрүлдү. Өткөн жылы орто айлык акы 11 миң. 79 сомго чейин жеткирилди, же 2012-жылга салыштырмалуу 5 пайызга өстү. Былтыр республика боюнча 50дөн ашык жаңы мектептер курулуп, пайдаланууга берилди. Чек арада жайгашкан райондордун инфраструктураларын жакшыртууга 400 млн. сом каралып, анын тең жарымы каржыланды. Өкмөт эл чарбасынын негизги тармагы болгон айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн, айыл жеринде жашап жана эмгектенишкен фермерлер менен дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн жигердүү аракеттерди көрдү. Айыл чарба тармагында 5 коммерциялык банктар аркылуу дыйкандарга 3 млрд. 200 млн. сом жеңилдетилген насыялар берилди. Бул жылы 5 млрд. сомго чейин насыя берүү пландалган. Бүгүнкү күнгө 5 млрд. сомдун 1 млрд. сомдон ашыгы берилди. Бул насыялар Кыргызстан боюнча малдын башын көбөйтүүгө, дан эгиндерин, төө буурчактын аянттарын кеңейтүүгө чоң түрткү болду. Былтыр сүт азыктары, эт, жүн, көп өндүрүлдү, буудай, арпа, картөшкө, кант кызылчасы 2012-жылга караганда көп жыйналды. Төө буурчактын баасы базар баасындагы баа менен сатылды. Мындан тышкары, 200гө жакын ар кандай түрдөгү жол техникалары сатылып алынды. 86 медициналык тез жардам машиналары сатып алынды. 1200дөн ашык айыл чарба техникалары дыйкандарга берилди, анын ичинен лизингге 574ү берилди. Жер семирткичтердин баасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсеге арзандатылды. Токтоп турган Кайынды кабель, Майли-Суу электро-ламповый, трансформатор чыгарчу ОРЕМИ заводдорунун иши жандандырылды. 2013-жылдын жыйынтыгы менен өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 34,5 пайызга жогорулаган. 2013-жылдын жыйынтыгы менен экспорт 1548,1 млн. доллар көлөмүндө болуп, 8,1 пайызга жогорулады.Урматтуу кесиптештер!
Былтыркы жетишилген чектерди төмөндөтпөй, өлкө экономикасын туруктуу өнүгүү жолуна салуу үчүн быйылкы жылга карата жакшы негиздер түзүлгөндүктөн, 2014-жылдын январь-февраль айларында экономиканын өсүүсү 5,9 пайызды түздү. Жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшүн 7 пайыздан кемитпөөнү болжолдонгон. Бул жылы чоң ири долбоорлор курулушу башталат. Алардын арасында Бишкек жылыткыч борборун реконструкциялап, кубаттуулугун жогорулатуу, Токтогул ГЭСин модернизациялоо, “Кемин” подстанциясынын курулушу уланат, “Датка–Кемин” жогорку кубаттагы электр зымдарын тартуу, Жогорку Нарындагы ГЭСтердин курулушу улантылат. Бул долбоорлордун иш жүзүнө ашыруу Кыргызстандын энергетикалык жактан көз карандысыздыгын камсыз кылат. Быйыл “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу башталат, тоо-кен тармагында Кеминдеги “Талды-Булак Алтынкен”, Ала-Бука районундагы “Бозумчак” жаңы ишканалары пайдаланууга берилет. Өкмөттүн алдында ушуга окшогон дагы көптөгөн стратегиялык маанидеги милдеттер коюлган болчу. Мисалы, Ипотекага социалдык турак жайларды куруу маселеси, айыл чарбада моделдештирилген кооперативдерди түзүү. Тилекке каршы, ар кандай обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам жана көбүнчө убакыттын жетишпей калгандыгына байланыштуу көп пландарыбыздын аягына чыга албай калдык, кетирилген каталарды оңдоого жетише албадык. Бул үчүн мен жалпы Кыргызстан элинен жана менин үзөңгүлөштөрүм болгон сиздерден чын жүрөгүмдөн кечирим сурайм. Премьер-министр катары “Кумтөр” боюнча татаал сүйлөшүүлөргө убактымдын тең жарымы кеткени мени өкүндүрөт. Бирок кандай болгон күндө да, Кумтор кениндеги алтын өндүрүү иштерин токтотпой, бюджетке колдон келишинче көбүрөөк киреше түшүрүүгө жетише алдык. Ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын үлүшүн 33 пайыздан 50 пайызга көтөрдүк. Ал эми жаңыдан түзүлүп жаткан биргелешкен ишкана Канадада эмес, Кыргызстанда каттоодон өтүп, биздин мыйзамдарга баш ийе тургандай кылдык.Мындан ары да Кумтөр маселесинин тынчтык жол менен, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши Кыргызстандын укуктук, мыйзамдуулук жолунан тайбаган өлкө экендигин эл аралык аренада жана ири инвесторлордун алдында айгинелей тургандыгына мен терең ишенем. Жакынкы арада Кумтөр боюнча дагы 8 кошумча келишимге кол коюлушу керек. Бул багытта жаңы куралган Өкмөт жигердүү иш алып барат деген ойдомун. Кумтөр маселеси конфронтация аркылуу эмес, бир гана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши керек. Саясатчылардын улутташтыруу, бир жактуу денонсацияга баруу тууралуу айткандары Кыргызстанга орду толгус зыян алып келерин терең түшүнө турган мезгил келди. Бүгүнкү күндө айлык акылар, пенсия пособиелер өз убагында төлөнүп жатат. Бул жылы дагы Кыргызстандын экономикасында жакшы өсүш болот деп ишенем. Кыргызстанга саясый стабилдүүлүк керек, ал болмоюнча туруктуу өнүгүү болбойт.
Урматтуу кесиптештер!
Өкмөт күнүмдүк ишмердигинде жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта кызматташууга жетише алды. Ошондуктан Өкмөт мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан аларга терең ыраазычылык билдирип, журтубуздун бакубат турмушун курууга албан ийгиликтерди каалайм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жакындан көрсөткөн кол кабышы, колдоосу болбосо, Өкмөттүн ишиндеги жакшы ийгиликтерге жетишүү мүмкүн эмес болчу. Депутаттар тарабынан айтылган катуу сындар, алардын орундуу кеңештери жалпы ишибиздин алга жылышына, одоно кемчиликтерди өз убагында таап, аларды жоюуда баа жеткис роль ойноду. Кыргызстан мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүнүн жаңы этабын баштан кечирип жаткандыгын баарыбыз туура түшүнүп, Жогорку Кеңештеги көпчүлүктүн коалициясынын таркашынан жана Өкмөттүн отставкага кетишинен трагедия жасабайлы. Биз демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө багыт алдык. Өлкө «көчө демократиясынан» парламенттик демократияга өтүп, мыйзам үстөмдүүлүк кылган мамлекетти куруу – биздин башкы максатыбыз.. Болгону, экономикабыз бир нукка түшө албай жатканда улам эле Өкмөттү кайра түзөбүз деп, экономиканы алдыга жылдыруу кечеңдеши мүмкүн. Бирок дагы бир жолу кайталайм, мындан трагедия кылуунун кажети жок. Канткен учурда да жаңы дайындала турган Өкмөт биринчи кезекте эл үчүн кызмат кылышы керек. Сөзүмдүн аягында өткөн 1жарым жылдан ашыгыраак мезгилде мен менен эриш-аркак болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн ак ниетиңиздер менен аткарган иштериңиздер үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Кыргызстандын келечеги кең, сөзсүз өнүгөт. Жашасын Кыргызстан! Рахмат!