18

Январь

2014

Ж.Сатыбалдиев: Полный контроль над «Кумтором» возможен только при условии работы предприятия по нашему законодательству, чего мы достигли

Бүгүн, 18-январда, Өкмөт мүчөлөрү жана «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү алып барган Кеңеш берүүчү совет Кумтөр долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча Келишимдин негизги шарттарына киргизилген акыркы оңдоолорду карап чыгып колдошту.

Премьер-министр Кыргызстан “Кумтөр” кенине толук көзөмөлдүктү биздин мыйзамдардын негизинде гана иш алып баруу шартында мүмкүн экендигин айтты.

“Учурда «Centerra Gold Inc.» компаниясы Канадада катталган жана анын мыйзамдарынын негизинде иштейт, миноритардык акционерлерди коргойт. Сунушталып жаткан Биргелешкен ишкана кыргыз мыйзамынын негизинде иштеп, “Кумтөр” долбоору канадалык юрисдикциясынан кыргыз тарапка өтөт”, - деп белгиледи.

Жантөрө Сатыбалдиев билдиргендей, 2013-жылдын жыйынтыгы менен «Centerra Gold Inc.» 145 млн.доллар таза киреше алган, ал эми Кыргызстан болгону 11 млн. 400 миң долларга ээ болгон.

“Эгерде Меморандум сентябрда колдоо тапса, Кыргызстан мындан да көп киреше алмак. Биз 72 млн доллар жана Биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталганы үчүн дагы 7 млн. доллар алмакпыз. Өлкө бир жыл ичинде ар кандай грант жана эл аралык жардам ирээтинде 40 млн. доллар алат. Биз сырттан донордук жардамдарды күтүп үмүттөнө беребиз, ал эми ошол эле кезде Биргелешкен ишкана 80 млн. доллардан кем эмес каражат бермек. Мага “жашыруун мекенчилдердин” оюу жана кыйкырыктары түшүнүксүз.  Мындай “куру мекенчилдер” саясий упай топтоо үчүн мекендин, кыргызстандын тагдыры менен ойноп жатат. Былтыр мына ушул “мекенчилдердин” кесепетинен өлкө 80 млн. доллар албай калды. Балким аларды калктын айрым катмарлары колдоп, баатыр деп санап жатышкандыр. Бир канча убакыттан соң мезгил алардын туура эмес кадамдарга барганын далилдейт”, - деди премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү