01
Февраль
Ж.Сатыбалдиев поручил Т.Сарпашеву внести предложения по строительству социального жилья под ипотеку для учителей, врачей и милиционеров
Бүгүн, 1-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөттүн жыйынында Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге бир айлык мөөнөттүн ичинде мугалим, врач, милиционерлер үчүн ипотекага берилүүчү социалдык турак жай курулушу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.
“Быйыл, биз мугалим, врач жана укук коргоо кызматкерлери үчүн ипотекага берилүүчү социалдык турак жай курулушун баштообуз керек. Бара-бара социалдык турак жай курулушу кеңейтилүүгө тийиш. Ошол эле учурда биз эки же үч кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен чектелбешибиз керек. Ондогон көп кабаттуу үйлөрдү тургузуу зарыл”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү