04
Февраль
2014
Ж.Сатыбалдиев: Правительство окажет необходимую поддержку для развития «Кыргыз Темир Жолу»
Бүгүн, 31-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Премьер-министр өз сөзүндө «Кыргыз Темир Жолу» ишканасы темир жол тармагынын өнүкпөгөндүгүнө карабастан, жүк ташуунун көлөмүн арттырууга барааңдуу салым кошуп жаткандыгын белгиледи.
«Өкмөт тарабынан 2013-жылы көрсөтүлгөн колдоонун аркасында «Кыргыз Темир Жолу» эки тепловоз сатып алган. Ишкананы өнүктүрүү үчүн керектүү жардам толук ченемде көрсөтүлөт», — деди Ж.Сатыбалдиев.
Өз кезегинде, «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын мүдүрү Өкмөттүн колдоосу менен сатылып алынган тепловоздордун наркы 9 млн. 400 миң. доллар экендигин белгилеп өттү. «Бул жылы дагы 2 тепловоз сатып алууну пландаштыруудабыз», —деди ал.
Андан соң Аргынбек Малабаев «Кыргыз Темир Жолу» ишканасындагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору туурасында, ошондой эле ишкананы өнүктүрүү планы тууралуу айтып берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү