10

Февраль

2014

Ж.Сатыбалдиев принял директора Европейского регионального бюро ВОЗ Ж.Якаб

Бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык аймактык бюросунун мүдүрү Жужанна Якаб менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматташтыгынын келечеги, 2020-жылга чейинки саламаттык сактоо Стратегиясы талкууланды.

Жантөрө Сатыбалдиев республиканын саламаттык сактоо тармагына көрсөтүлгөн жардам үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна ыраазычылыгын билдирди.

Премьер-министр атамекендик саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр тууралуу да кеп кылды.

“”Манас” жана “Манас таалими” программаларынын ишке ашырууда реформаларга карабай саламаттык сактоо тармагында айрым көйгөйлөр чечилбей калды. Аталган программаларды ишке ашырууда оң учур болгону менен күтүлгөн жыйынтыктар болгон жок. Учурда республикалык бюджетте саламаттык сактоо тармагынын салыштырма салмагы  башка тармактарга караганда жогору. Былтыр саламаттык сактоо тармагына 13 млрд. сом бөлүнгөн.  Анткен менен, бул каражаттар натыйжалуу пайдаланылган эмес”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Жужанна Якабдын пикиринде, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо тармагына Өкмөт тарабынан жакшы колдоолор болуп жатканын көрүүдө. “Биринчи кезекте, саламаттык сактоонун айрым индикаторлорунда көрсөткүчтөр мыкты. Балдардын өлүмүнүн катталышы төмөндөй баштады, жүрөк-кан тамыр ооруларынын саны азайууда. Бул жакшы көрүнүш”, - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу боюнча Жол картасын иштеп чыгуучу биргелешкен  жумушчу топ түзмөй болду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү