20

Февраль

2014

Ж.Сатыбалдиев принял новых акимов Панфиловского и Джети-Огузского районов

Бүгүн, 20-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри   Жантөрө  Сатыбалдиев   Панфилов жана Жети-өгүз райондорунун акимдерин  тандоодо жергиликтүү кеңештин шайлоосунда тандалган акимдер    Калыс   Жудеев  жана  Өмүрбек   Ногоевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Премьер-министрКыргыз Республикасынын  Ысык-Көл облусунун   Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин милдетин аткарууга  Калыс Жудеевжана  Панфиловрайондук мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин милдетин аткарууга   Өмүрбек   Ногоев дайындалган тиешелүү  буйрукка кол коюп, райондорду социалдык-экономикалык  өнүктүрүү боюнча  бир катар конкреттүү маселелерди айтты.

«Дароо эле аймактарды ирээтке келтиргенден баштагыла.  Мамлекеттик жана муниципалдык  кызматтар жарандар үчүн иштеп,    кызматтар өз  учурунда жана сапаттуу  көрсөтүлүүсүн  көзөмөлгө алууңуздарды өтүнөм.  Бүгүнкү күндө Премьер-министрдин   ыйгарым укуктарынын  бөлүгүнө  ээ болгондон  тарта,   жергиликтүү бийликтер    аймактарда  мамлекеттик бийликтин ишмердүүлүгүн  камсыздаганга    жана   мамлекеттик саясатты ишке ашырууга   толук укуктуу.   Сиздерден суроо-талап катуу болот.  Ар бир аким өз районун өнүктүрүүгө  толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Силер  биринчиден  башкаруучу  болушуңар керек, саясатка киришүүнү кажети жок.  Аким болгон учурда   саясий көз карашынарды унутуп, кай  бир саясатчынын сөзүн жактабагыла», —  деди Өкмөт Башчы.

Жети-Өгүз районунун  жаңы акими Калыс Жудеевке кайрылып жатып, Премьер-министр  калк  ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигин өзгөчө белгилеп өттү.

Ж.Сатыбалдиев  К.  Жудеевке   өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген,   “Кумтөр” долбоору боюнча Макулдашуунун  маанисин    калк ичинде туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

« Кумтөр боюнча жаңы Макулдашуу Жети-Өгүз жана башка райондордун  тургундарына  эт, сүт азыктарын, жашылчаларды  Кумтөр  кенине сатуугамүмкүндүк берет.  Калктын  кооперативдерге  биргелешүүсү,  чарбаларды  түзүү,  майда жана ири мүйүздүү малдардын санын көбөйтүү боюнча иш алып баргыла.

Өкмөт бир нече коммерциялык  банктар  менен  биргеликте   фермерлерге жеңилдетилген насыяларды бере баштады.   Калк  арасында  дыйкандар насыялар боюнча маалымат алып жана аны колдонуусу үчүн   жолугушууларды өткөргүлө.

Бул  үй-бүлөсүнүн    деңгээлин,  райондун, ал эле эмес облустун, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга, мүмкүндүк берет.  Фермерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.  Ошондой эле, бул жылы  өсүмдүк өстүрүү, мал чарбаларына да  насыялар 2 жылдык мөөнөткө берилип,  берилүүчү насыянын суммасы  бир адамга  250 миңден  400 миңге чейин  жогорулайт.  Жалпысынан  фермерлерге болжолу менен  5 млрд. сом  жеңилдетилген насыя берүү  пландалууда», — деди Ж. Сатыбалдиев.

Ошондой эле   Премьер-министр  акимдерге  калкты   райондук  маанидеги  массалык коомдук иш чараларга  мобилизациялоо тапшырмасын берди.

КР Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү