04

Март

2014

Ж.Сатыбалдиев принял Посла Украины в Кыргызстане Владимира Соловья

Бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев биздин өлкөдө дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктоосуна байланыштуу Украинанын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Владимир Соловейди кабыл алды.

Премьер-министр дипломатка Кыргызстанда иштеп жаткан учурдагы кызматташтыгы жана мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык мамиленин жигердешүүсүнө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Владимир Соловей артта калган жылдарда Кыргызстан менен Украинанын товар жүгүртүүсүндө туруктуу жогорулоого алып келген экономикалык байланыштардын тереңдеши боюнча чоң жумуштар бүткөрүлгөнүн белгиледи. 2013-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүү 159 млн. доллар болгон.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү