20
Март
Жантөрө Сатыбалдиев Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Игорь Финогеновду кабыл алды
Бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиев жана Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Игорь Финогенов кызматташтыктын учурдагы абалы менен таанышты.
Жантөрө Сатыбалдиев Евразия өнүктүрүү банкынын республикада социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда колдоосуна ыраазычылык билдирди.
“Кыргызстанга 20 млн. доллар көлөмүндөгү айыл чарба техникасын алууга каржылоо жөнүндө Келишим агрардык тармактын өнүгүшүнө түрткү берет. Учурда фермерлердин айыл чарба техникасына болгон муктаждыгы жогору. Кыргыз Өкмөтү банктар менен биргеликте дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды бериши алардын кооперативдерге биригүүсүнө шарт түзүүдө”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Евразия өнүктүрүү банкына “Камбар-Ата-2 ГЭСинин” экинчи агрегатын иштетүүгө каражат бөлүү маселесин карап чыгууга чакырды. “Өткөн кыш электр энергиясын пайдалануу көлөмү дагы да жогору экенин көрсөттү. Акыркы жылдарда биринчи жолу өлкө кыштан коопсуз чыга алды. Электр энергиясын авариялык өчүрүү да кескин кыскарды”, - деди ал.
Игорь Финогенов өз кезегинде бүгүн кол коюлган “Кыргыз Республикасына 20 млн. доллар көлөмүндө айыл чарба техникасы үчүн каржылоо” жана “Бишкек-Ош унаа жолун реконструкциялоо” жөнүндө жалпы суммасы 60 млн. долларга бааланган эки келишим Өкмөт менен Евразия өнүктүрүү банкынын тыгыз кызматташтыгынын жыйынтыгы экенин айтты.
“Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасын инвестициялоону кеңейтүүнү мерчемдөөдө. Биз энергетикалык долбоорлорду да карап жатабыз”, - деди Игорь Финогенов
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү