12

Март

2014

Ж.Сатыбалдиев принял представителя UNICEF в Кыргызстане Джонатана Вейтча

Бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасында иш мөөнөтү аяктап жаткан UNICEF өкүлү Джонатан Вейтчти кабыл алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Премьер-министр 2010-жылдагы июнь окуясында жабыр  тарткан социалдык объектилерди калыбына келтирүүдөгү иши үчүн аталган уюмга ыраазычылык билдирди.

“Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдө мамлекеттик дирекция менен  UNICEF жана БУУ июнь коогалаңынын кесепеттерин тез эле жөнгө салды. Эске салсам, айрым эксперттер мага чыр-чатактын кесепетинен талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө 2-4 жыл сарпталат деп айтышкан. Бирок баардыгы жарым жылда эле калыбына келтирилди”, - деди Премьер-министр.

Джонатан Вейтч өзүнүн UNICEF өкүлчүлүгүндөгү ишмердүүлүгүн Жантөрө Сатыбалдиев менен кызматташтык аркылуу эсте калганын айтат.

“Мен 2010-жылдын 8-июнунда UNICEF өкүлчүлүгүнө дайындалдым. Июнь окуясынын кийин биз мамлекеттик дирекция менен бирге 2 мектеп курдук, 50 мектепти оңдодук. Бир катар мектептерге окуу китептерин, эмеректерди, компьютер бердик. Кыргызстандан кетип жатып биздин уюмдун Кыргызстанда программалары менен долбоорлору кеңейе берээрин айта алам”, - деди дипломат.

Джонатан Вейтч балдардын укугу жөнүндө Конвенциянын дүйнөлүк коомчулукта кабыл алынышына 25 жыл толушуна байланыштуу республикалык деңгээлдеги иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөтүүсүн Премьер-министрден суранды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү