28

Январь

2014

Ж.Сатыбалдиев: «Псевдопатриоты» выступают адвокатами «Centerra Gold Ink.» и занимаются дезинформацией

Бул туурасында, 28-январда. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясында айтты.

Өкмөт башчы “Кумтөр” долбоору боюнча жоопкерчиликти алууга даяр экендигин билдирди. Премьер-министр долбоор боюнча жаңы түзүм Кыргызстан менен анын элинин кызыкчылыгы үчүн толук жооп берээрин айтты.

“Тилекке каршы, айрым “жалган мекенчилдер” “Центерранын” жактоочусу болуп, жалган маалыматтарды таркатышууда. Белгилөөчү жагдай, алар муну өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, арзан, ылдам саясий упай топтоо үчүн, элди, коомчулукту адаштырып айтып жатканы өкүндүрөт. Мындай адамдарга ишенбөөгө чакырып кетем”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү