28
Январь
Ж.Сатыбалдиев: Сельские округа, имеющие плодородные земли, будут выведены из списка дотационных территорий
Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясында аймактын айыл округдарынын башчыларынын ишин сынга алды.
Өкмөт башчы түшүм көп берүүчү жери бар айыл аймактарын көмөкпул берүүчү аймактардын катарынын чыгаруу тууралуу документ иштелип чыгаарын айтты.
“Учурда айыл аймактарынын башчылары жерди иштетүүнү унутуп баратат. Алар жалкоо болуп алышты. Элди маанилүү иштерге тартуунун ордуна өз, өңгө деп бөлүп, ушак таратуу менен алектенишчү болду. Мына ушуга жумшап жатышат алар өз убактысынын көбүн”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Премьер-министр жерге болгон салык көлөмүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
“Акыркы 20 жылдан бери жерге болгон салык көлөмү жогорулаган эмес. Ал эми бюджеттин жогорулоосун салык гана камсыздай алаарын унутпашыбыз керек. Бүгүнкү күнү жерге тыйын гана төлөшөт, ошол эле учурда маянаны, пенсияны, жөлөкпулду көбөйт, жаңы жана ишке берилген жолдорду куруп бер деп талап коюушат баары”, - деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү