03
Январь
Ж.Сатыбалдиев: В 2014 году, как и в прошедшем, будут сданы в эксплуатацию беспрецедентное количество социальных объектов
Бүгүн, 3-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда 2014-жылы республикалык бюджеттен “капиталдык салым” беренеси боюнча курулушу каржылана турган объектилердин тизмесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү.
Премьер-министр маалымдагандай, үстүбүздөгү жылы “капиталдык салым” беренеси боюнча бюджеттен 2 млрд. 500 млн. сом каралууда жана былтыркы жылга салыштырмалуу 100 млн. сомго көп. “Учурда Өкмөт ушул жылдын биринчи жарым жылдыгы менен бир нече ири долбоорлорду ишке берүү багытында жигердүү иштөөдө. Алардын ийгиликтүү ишке кирүүсү “капиталдык салымдын” суммасын көбөйтөт. Бул жылы 70% иши бүткөрүлгөн бир катар объектилер курулуп бүтөт”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Премьер-министр 2014-жылы, былтыркы жыл сыяктуу эле, мурда болуп көрбөгөндөй сандагы социалдык объектилер пайдаланууга берилээрин айтты: “Былтыркы жылы өлкөдө алтымыштын ашуун мектеп пайдаланууга берилсе, быйыл анын саны дагы көбөйөт”,- деди.
Ошондой эле, Өкмөт башчы каржы министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине “капиталдык салым” беренеси боюнча бюджеттик каражаттарды которууну токтотууну тапшырды. “Капиталдык салым” беренесиндеги баардык каражаттар капиталдык курулуш боюнча Башкармалыктардын эсебине которулушу керек, ал эми мамлекеттик агенттик курулуш иштеринин өз убагында, сапаттуу курулушун тыкыр көзөмөлгө алуусу керек”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
“Капиталдык салым” беренесин ишке ашыруунун алкагында социалдык объектилер менен катар Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жана Нарын облусунун Ат-Башы районундагы ири көпүрөлөрдүн курулушун аяктоо, Чу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинен Бишкекке чейинки жолду жана “Түп –Кеген” унаа жолун кайра оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле, жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоочу, жогорку технологиядагы медициналык жабдуулар сатылып алынат. Аталган жабдуунун наркы 5 млн. доллар.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү