04

Март

2014

Ж.Сатыбалдиев: В этом году будет сохранен успешный опыт финансирования по статье «капитальные вложения»

Бүгүн, 3-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “капиталдык салымдар” беренесине кирген тизмени талкуулаган кеңешме өткөрдү.

Премьер-министр  “капиталдык салымдар” беренеси боюнча былтыркы каржылоо тажрыйбасы өз натыйжасын бергенин айтты.

“Былтыр республика боюнча 63 жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Биз мындай ийгиликтерге курулушу 70 пайызга жеткен  объктилерди каржылоо аркылуу жетиштик. Быйыл да 70 пайызга жана андан жогору деңгээлде бүткөрүлгөн объктилер былтыркы жылдын ыкмасы менен каржыланат. Курулушу мурда башталган объктилерди каржылоого 10 млрд. сом керектелет”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Жолугушууда Ош шаарындагы Ленин жана Масалиев көчөлөрүн бириктирген, узуну 450 метр, туурасы 18 метр келген көпүрөнүн курулушу да талкууланды. Быйыл курулуш иштерине муниципалитет 40 млн. сом бөлөт. Ошондой эле, республикалык бюджеттен да каражат каралууда.

Маалымат

Капиталдык салым беренеси боюнча республикалык бюджеттен 2 млрд. 500 млн. сомдун бөлүнүшү мерчемделүүдө. Былтыр бул максатта 2 млрд. 400 млн. сом бөлүнгөн.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү