03

Январь

2014

Ж.Сатыбалдиев: В этом году льготные кредиты в приоритетном порядке будут выдаваться сельхоз переработчикам

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев  3-январда айыл чарбасын каржылоо маселесине байланыштуу өткөн кеңешменин жүрүшүндө айтты.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча, былтыркы жылы фермерлер 3 млрд. 200 млн. сом жеңилдетилген насыя алышкан. “Быйылкы жылы да “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору улантылат. Анын иштиктүү бөлүмү январь айында башталып, февралдан тарта дыйкандар жеңилдетилген насыяларды ала башташы керек. Быйыл мындай жеңилдетилген насыялардын басымдуусу айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө берилет”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Премьер-министр белгилегендей, “Айыл чарбасын каржылоо” долбооруна 5 коммерциялык банк катышууга кызыктар экендигин билдиришти. Жалпысынан жеңилдетилген насыялардын көлөмү 4 млрд. сомдон кем болбоосу мерчемделүүдө.

“Айыл банкы” жана “РСК Банкынын” төрагалары маалымдагандай, мурда берилген насыяларды кайра кайтарып берүү болгон жок.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү