11

Январь

2014

Ж.Сатыбалдиев: В этом году максимальный порог льготного кредита для одного фермера будет увеличен вдвое и составит 400 тысяч сомов

Бүгүн, 11- январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев быйылкы жазгы талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү жөнүндө кеңешме өткөрдү.

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы жакынкы күндөрү “Айыл чарбасын каржылоо -2” жөнүндө Өкмөттүн токтомуна кол коерун билдирди.

 «Быйыл былтыркыга караганда фермерлерге жеңилдетилген насыяларды көп берүү болжолдонууда. Башкача айтканда, 4 млрд. сомдон кем эмес суммадагы каражат жөнүндө сөз болуп жатат. Бул каражаттар 2014-2015-жылдары атамекендик аграрчылар менен айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүчүлөрдү колдоого жумшалат», — деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Премьер-министр ошондой эле талаачылыкка берилүүчү насыялар да эки жылдык мөөнөткө бериле тургандыгын маалымдады.

 «Дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыянын үстөгү 10 пайыздык деңгээлде калгандыгын, ал эми кайра иштетүүчүлөр үчүн насыялардын үстөгү 1 пайызга төмөндөтүлүп, 9 пайызды түзөт », — деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев быйыл кайра иштетүү чөйрөсүнө насыя берүүдө сүт, эт жана жашылча өндүрүү багыттарына, өсүмдүк майын жана кант өндүрүүгө артыкчылык берилерин белгиледи.  Министрдин айтымында, быйыл кант кызылчасы эгилген аянттар былтыркыга караганда 3 миң гектарга көп болот. Ошондуктан сезон учурунда «Кайыңды кант» ачык акционердик коомун толук кубаттуулук менен иштетүү күтүлүүдө.

Премьер-министр 200 миң тонна минералдык жер семирткичтерди алуу боюнча Өзбекстан тарап менен келишимге жетишилгендигин билдирди.

Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик банктар «Айыл Банктын» жана «РСК Банктын» жетекчилерин жеңилдетилген насыяларды берүү шарттарын болушунча жөнөкөйлөтүүнү  тапшырды. «Былтыр дыйкандар насыяны алууга 20 күн жана андан да көп убакыт  коротушкан учурлар болгон. Быйыл андай болбош керек. Бардык райондордун борборлорунда жана калк жашаган ири айылдарда “бирдиктүү терезелер” ачылып, дыйкандарды тез жана сапаттуу тейлөө үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек», — деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Премьер-министр ошондой эле вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге республикалык деңгээлде  дыйкандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жеңилдетилген насыяларды, күйүүчү-майлоочу материалдарды  жана минералдык жер семирткичтерди кайдан жана кантип алууну ар бир дыйкан биле тургандай кылууну тапшырды.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү