30
Декабрь
Ж.Сатыбалдиев: В этом году впервые за 22 года дорожным предприятиям страны было передано 150 единиц техники
Бул туурасында, 30-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөт тарабынан 6 млн. 241 миң долларга сатылып алынган 80 даана техниканы жол эксплуатациялоо ишканасына тапшыруу учурунда айтты.
Мурдараак, Түркия Өкмөтү тарабынан берилген насыяга 43 жол түздөй турган унаа, 20 унаа жүктөгүч, 7 бульдозер жана 7 млн. 200 миң доллар көлөмүндөгү 3 асфальтбетон заводунун топтому келип түшкөн.
Жол техникасын кезектеги тапшыруу аземи Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылындагы №39-жол эксплуатациялоо ишканасында өттү.
“90-жылдардан бери бир жыл ичинде жол ишканаларына ар түрдөгү 150 даана техниканы берүү иши болгон эмес. Алардын ичинен 80 даанасы республиканын аймактарына жөнөтүлөт. Учурда Өкмөт жүздөн ашуун жол техникасын алып келүү боюнча натыйжалуу иштерди аткарууда. Кетип бара жаткан жыл түшүмдүү болду. Биздин курч мерчемдерибиздин көбү аткарылды. Келе жаткан жылы да биз алдыга намыскөй максаттарды коюудабыз. Айрым маселелердин саясатташып кетпегенинде биз мындан да арбын ийгиликтерге жетишмекпиз”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев унаа жана байланыш министри Калыкбек Султановго жолчулардын эмгек акысын көтөрүү боюнча маселени карап чыгууну жана тиешелүү сунуш берүүнү тапшырып жатып.
Маалымат:
Республиканын жолдорун оңдоо жана куруу ишине жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан жол техникасынын 80 даанасы (жол түздөй турган унаа, унаа жүктөгүч, эксковатор, оор жүк ташуучу унаалар, универсал жол унаалары, тралдар жана кралдар) пайдаланылат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү