15

Февраль

2014

Ж.Сатыбалдиев встретился с академиками, членами Президиума Национальной академии наук

Бүгүн, 14 февралда,  Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун мүчөлөрү, академиктер менен жолукту. (КР УИА)

Жолугушуунун жүрүшүндө мекеменин  тез арада чечилүүчү көйгөйлөрү көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору каралды.

Жолугушууда  Ж.Сатыбалдиев учурдун талабына ылайык  Илимдер академиясын  жакшыртуу жана кайрадан уюштуруу жолу менен реформалоо маанилүү  экендигин айтып өттү.

«Бүгүнкү  күндө илим  оор күндөрдү башынан өткөрүүдө.   Бирок баары жаман деп айтуу да туура эмес.  Тармактуу жана окуу илимдерин өнүктүрүү  үчүн  көп иштерди аткаруу керек. Өз учурунда Өкмөт бул үчүн   жардам берүүгө даяр. Академиянын бюджетинин өсүү абалы сакталып калат», —деди Ж.Сатыбалдиев, Өкмөттүн кароосуна   КР УИА кызматчыларынын айлык акысын көтөрүү боюнча  сунуштарды киргизүү үчүн  атайын иш тобун түзүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр академиктердин  көңүлүн, алардын  жардамы керектелген багыттарга бурду. Күнүмдүк  турмушта жана өндүрүштө  энергетиканы үнөмдөөнү киргизүү жана тоо кен тармагындагы актуалдуу маселелерди чечүү туурасында сөз болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Ж.Сатыбалдиев  академиктер менен өлкөдөгү ЖОЖдордун  билим берүү сапаты,   ошондой эле диссертациялык жана докторлук иштер туурасында кененирээк сүйлөшүштү.

«Бүгүнкү күндө ректорлор  окуу жайларда бир канча миң студент окуп  жатканына сыймыктанышууда. Алар бул жагдай үчүн уялуусу керек.  Себеби ректорлор  студенттердин саны эмес,   окуу жайы мыкты кадрларды даярдап жатканына сыймыктанышы керек.  Институттардын жана университеттердин санынан, сапатын кароого  өтүүнү баштоо зарыл.    Ошондой эле   жарыяланган иштери, жөнөкөй эле тажрыйбасы жок  татыксыз адамдар   илимдер кандидаты, илимдин доктору болуп аткандыгын белгилегим келет.  Илимдер  кандидаттыгын болжолу менен бир жарым-эки жыл мурда жактаган адам, докторлук  даражаны алып жатат.  Мындай болбосу  керек.  Мындай мамиле менен фундаменталдуу илим  эч качан өнүкпөйт. Жогорку аттестациялык комиссия  бул маселени ирээтке келтириши керек», — деди Ж.Сатыбалдиев.

Премьер-министр мекендик илимпоздордун иштерин практика жүзүндө колдонуу максатында    академиктерди  бирдиктүү жана активдүү  кызматташтыккачакырды.

«Аталган багытта  бизде көп резервдер бар. Бардык илимий эмгектер жашоодо колдонулушу керек. Сиздердин илимий эмгектериңиздерди  практика жүзүндө активдүү ишке ашырууга Өкмөт кызыктар», — деди Ж.Сатыбалдиев.

Академик Аскар Какеев коомдун руханий-моралдык өзөгүн түзгөн маселени көтөрдү.

«Бүгүнкү күндө  дин маселеси өлкөбүздө оңой эмес.  Өлкөбүздө ар кандай диний агымдар пайда болууда. Алар эмне менен алектенишет, коомду кайсыл нукка буруп жатышат, алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы эмнени берет.  Тилекке  каршы аталган багытта илимий иштери жүргүзүлбөйт», —деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө  коомдун бир катар  актуалдуу маселелери талкууланды.

КР Өкмөтүнүн аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү