13

Март

2014

Ж.Сатыбалдиев встретился с председателями коммерческих банков Кыргызстана

Бүгүн, 12-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы баардык коммерциялык банктардын төрагалары менен жолугушту.

Жолугушууда банк  тармагындагы бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Негизинен валюта базарындагы абал, акча алмаштыруучу жайларга карата укуктук документтерди күчөтүү чаралары, накталай эмес төлөмдөрдү киргизүүнү жандандыруу багытында сөз болду.

Кеңешменин катышуучулары март айынын башында доллардын курсунун солгундоосу байкалган өлкөнүн валюта базарында түзүлгөн кырдаал тууралуу кеңири токтолушту.

КР Улуттук банкынын төрайымы Зина Асанкожоеванын айтымында валюта базарындагы чайкоочулукту акча алмаштыруу жайларынын ээлери жаратышкан. Ал эми коммерциялык банктардын жетекчилери билдиргендей, акча алмаштыруу жайлары кырдаалдан пайдалануу максатында экинчи базарда доллар менен еврого негизсиз алмаштыруу курстарын кое калышкан.

Жолугушууда акча алмаштыруу жайларынын ишмердүүлүгүн тартипке салуу боюнча чараларды иштеп чыгуу сунушталды. Аларды башка өнүккөн өлкөлөрдө тажрыйбаланып келгендей коммерциялык банктардын карамагына калтыруу, же тиешелүү эреже, талаптарды сактабагандыгы үчүн айып пулунун көлөмүн бир канча миң сом көлөмүнө жеткизип, мыйзамдуулукту күчөтүү. Бүгүнкү күндө акча алмаштыруу жайларына салынган айып пулдун көлөмү болгон 1 миң сом.

Башкы менеджер, ЖАК “Демир Кыргыз Интернэшнл банкынын” төрагасы  Шевки Сарылар түрк акча алмаштыруу жайларынын  тажрыйбасын ортого салды. Анын айтуусунда, Түркияда акча алмаштыруу жайын ачуудан мурда акционердик коом түзүү керек. Ошондой эле, мындай жайлардын ээлерине буга чейин кылмышка тартылбагандыгынан баштап жогорку билимине чейин, бир топ күчөтүлгөн талаптар коюлат.

Премьер-министр коммерциялык банктардын төрагалары тарабынан көтөрүлгөн маселелер каралып чыгаарын, соңунда тиешелүү чечим кабыл алынаарын билдирди.

“Учурда, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга карабай элдин банктарга ишеними бар. Өкмөт банк системасына зарыл болгон жардамдарды көрсөтөт. Сиздердин иште айыл чарбасы, кайра иштетүү өнөр жайы тармагындагы алгылыктуу инвестициялык долбоорлорду насыялоо боюнча көңүл бурууңуздарды суранам. Узак мөөнөттүү насыя берүү мүмкүнчүлүгүңүздөр бар”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев, “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбооруна катышкан банктарга ыраазычылык билдирип.

Өкмөт башчынын айтуусунда фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү системасы жолго салынды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү