28
Январь
Ж.Сатыбалдиев: Затягивание вопроса реструктуризации «Кумтора» вредит экономике страны
Бул туурасында, 27-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бизнес коомчулугу менен болгон жолугушууда айтты.
Өкмөт башчы белгилегендей, тигил же бул “саясатчылардын” “Кумтөр” боюнча кирешени 67 пайызга жеткиребиз деген “мекенчилдиги” – эл алдындагы кезектеги куру сүрөөндүк.
Премьер-министр “Кумтөр” маселесин референдум аркылуу чечебиз деген айрым депутаттардын сунушуна терс мамиледе экендигин билдирди.
Өз кезегинде бизнес өкүлдөрү “Кумтөр” маселеси эч кандай денонсация же улутташтыруусуз эле сүйлөшүү жолу менен чечилүүгө тийиш экендигин айтышты. Алар бул маселенин саясатташып кетишине да каршылыгын билдиришти.
Өкмөт менен бизнес коомчулугунун диалогу аткаруу бийлиги менен бизнес өкүлдөрүнүн байланышынын жигердешүүсүнөн кабар берет.
“Былтыркы жылдын көрсөткүчү менен ички дүң продукциянын көлөмү 10,5 % болду. Мында бизнес менен Өкмөттүн салымы чоң. Быйыл биздин мерчем боюнча ички дүң продукция 7 пайызга көтөрүлүшү керек. Өкмөт өлкөнүн инвестициясын жакшыртууга багытталган ишкерлер коомчулугунун баардык демилгелерин колдойт”, - деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү